Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 14-ноябрдагы жыйында абактан бошотулган Райымбек Матраимов тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге суроо узатты.
Ал Матраимов эмнеге абактан бошотулганын, бюджетке акча төлөп-төлөбөгөнүн тактады.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтуусунда, Райымбек Матраимов үй камагына чыкты. Ал кармалган учурда үч берене менен айып коюлган. Алар — чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, бейбаштык, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча беренелер. Матраимов акыркы жолу бюджетке 200 млн доллар төктү. Жалпысынан 19,5 млрд сом бергенин айтты.
«Сегиз ай тергедик, эки күн алдың чыгардык. Райымбек Матраимов акыркы жолу мамлекеттик бюджетке 200 млн доллар акча төлөп, анан чыкты. Бул 2 млн доллар эмес, 20 млн доллар эмес, 200 млн доллар. Бул жерде бизнес кылган депутаттар билет, кандай сумма экенин. Сом менен эсептегенде 17 млрд сом болот. Бул акыркы чыкканда төлөдү, буга чейинкисинде дээрлик 2,5 млрд сом төлөгөн. Ошону менен 19,5 млрд сомду бюджетке төктү. Туура, анын баарын накталай берген жок, мүлк менен да төлөдү. Биз анын баарын экспертизадан өткөрүп, баалап, арзан баада кылып алдык» , — деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев акчаны төлөгөндөн кийин Райымбек Матраимовду түрмөдө кармап отуруштун пайдасы жок экенин айтып, жакында коррупциядан өндүрүлгөн каражаттар тууралуу маалымат жыйын берилерин кошумчалады.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотту. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы 13-ноябрда кабарлады.
Быйыл 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Бакуда эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду кармаган. Аны менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор кармалган. Кийин алар үй камагына чыкканы белгилүү болгон.