Биз менен байланышыңыз

Сел коркунучу бар. 10-июлга чейин жаан-чачындын божомолу

Блог , Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 871 | 0

Кыргызгидромет борбору 3-7-июлда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүң тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрүн эскертти.

Алдыңкы аптада күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу маалымат:

4-июлда Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-июлда Чүй, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

6-июлда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

7-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

9-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жок.

10-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-июлда күндүз, 5-июлда, 6-июлда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Сел эмнеден улам болуп жатат? 

Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун тоо экосистемаларынын лабораториясынын башчысы Гүлайым Донбаева, селдин болушунун себептерин айтты. Ошондой эле кандай гана жаратылыш кырсыгы болбосун тийиштүү мамлекеттик органдар ага даяр болуу керектигин кошумчалады.

“Сел – бул ылайлуу суу менен таш кумдардын аралашкан агымы. Анын пайда болуусунун бир нече жолдору бар:

  • Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жаан-чачындын көлүмүнүн кескин көтөрүлүп кетиши селге алып келет;
  • Атмосферанын температурасынын жогорулоосунун натыйжасында кар катмарынын ээриши тездейт да селди пайда кылат.

Тоолуу аймактарда сел агымдары көп кездешет. Жаан-чачындын көлөмүнө жараша тез-тез да болуп турушу мүмкүн. Күн кескин ысыганда тоолордогу мөңгүлөр ээрип түшүп, жаан жааганда суунун көлөмү көтөрүлүп сел коркунучуна алып келүүдө.

Даярдыктардын ичинде сел агымдарын жөнгө салуучу, атайын каналдар, латоктор, тосмолор, ошого байланыштуу гидротехникалык каражаттарды даярдыкта кармаш керек. Сел агымы келгенде сууну калктуу пунктардан буруп кетүүчү атайын каналдар болушу абзел”.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM