Биз менен байланышыңыз

Цистит оорусунан кантип сактануу керек?

Блог , Ден соолук | 3 Июл 2024 | 572 | 0

Бүгүнкү күндө цистит оорусуна чалдыккандар көбөйүүдө. Бул оору аялдар, эркектер, ошондой эле балдар арасында да жайылууда. Аталган илдетке көбүнчө аялдар кабылат. Бул оору кандай оору, анын кандай түрлөрү бар жана кантип алдын алуу керек? Бул суроолорго жооп алуу үчүн гинеколог Гүлжамал Жусупова менен маек курдук.

Цистит кандай оору?

Цистит – бул  табарсыктын сезгениши, тагыраагы табарсыктын ички былжырлуу чел кабыгынын сезгенүүсү. Бул табарсыктын иштөөсүнүн бузулуусуна алып келет. Цистит менен аялдар, эркектер да ооруйт. Бирок көбүнчө бул ооруга аялдар чалдыгат. Бул аялдардын анатомиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби аялдардын заара жолу диаметри чоңураак, узундугу кыска болгондугуна байланыштуу инфекция батыраак жугат. Инфекция жыныс жолу менен дагы кирип, табарсыкка жугат. Андан сырткары табарсыктагы таш шишик оорусу дагы циститке түрткү берет.

Анын кандай түрлөрү бар?

Цистит өнөкөт жана катуу кармаган болуп бөлүнөт. Катуу кармаган түрү тез эле ооруп калып, бат-бат заара кылгысы келип, заара кылган мезгилде асты ачышып ооруп, заараны ушатып бүткөндөн кийин да катуу ачышып оорушу мүмкүн.  Бул түрү 7-10 күнгө созулуп, анан басаңдай баштайт. Ал эми өнөкөт оорусу болсо андан да көбүрөөк убакытка созулат. Эгер катуу түрүн дарылабаса, өнөкөт оорусуна өтүп кетет дагы иммунитет түшкөндө, үшүп калганда кайра-кайра кайталай бериши мүмкүн.

Оорунун өнөкөт түрүн сакайтса болобу? 

Ооба, болот. Катуу кармаган учурда дарыгерге кайрылып, себебин аныктап, дарыгердин айтканы боюнча дарыласа болот. Катуу түрү өнөкөт түрүнө өтүп кетпеш үчүн дарыгердин айтканын аткарып, өзүн жакшы алып жүрсө, өнөкөт оорусу бат-баттан кармабай жакшы болуп, айыгып кетет.

Сууктан дагы циститке мүмкүнбү ?

Ооба, мүмкүн. Суук жерде отурса, суук жерде иштесе, буту муздак болуп жүрсө циститке чалдыгат. Өнөкөт оорусу козголушу мүмкүн.

Балдар дагы цистит менен ооруйбу?

Кичинекей балдар арасында да болот. Энеси өздүк гигиенасын карап, туура тамактануусун карабаса, мектепте ойноп жүрүп ар кандай тез татымдарды жешет. Муздак жерге отуруп, бутуна суук тийгизип алышат. Ошол учурларда болот. Алар балдар ооруканаларына кайрылышат.

Циститтен кантип сактануу керек?

Алдын алууда биринчи эле туура тамактануу, тузу аз тамактарды ичүү, өз убагында дарыгерге кайрылып, анализдерин тапшырып, текшерилип туруу. өздүк гигиенаны сактоо, жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялардын алдын алуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM