Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Астанада Кытай жана Монголиянын башчылары менен жолугушат

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 246 | 0

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. Анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулашат. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясына кол коюлат.

Ошондой эле саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда. Соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүдө экологиялык маселелерге, коопсуздук, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Казакстан тараптын төрагалыгы астында өтө турган саммитке Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышат. Беларусь бул отурумда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет макамын алуу процедурасынын аякташын күтүүдө.

Президент Садыр Жапаров Астанада Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM