Биз менен байланышыңыз

Бостеридеги жол кырсыгында бир адам каза болду

Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 578 | 0

Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда 2-июлда эртең мененки саат 07:10 чамасында жол кырсыгы катталып, бир жаран каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Mercedes-Benz менен Kia K7 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. “Киа К7” унаасындагы эки адам жабыркаган. Ошондой эле “Мерседе-Бенц” унаасынын айдоочусу жабыркап, жүргүнчүсү мерт кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM