Биз менен байланышыңыз

Эшатов: Бишкектеги май куюучу жайларга газ жеткирилди

Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 214 | 0

Өлкөдө соңку эки жумадан бери автогаздын тартыштыгын жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Маралга» «Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Ал Орусиядан газды жүктөп, жолго чыккан вагондордун алгачкы бөлүгү 3-июлга караган түнү Бишкекке келип түшкөнүн, түнү менен май куюучу жайларга таратылганын айтты.

Эшатов Бишкектеги автогаз бекеттеринде тартыштык дээрлик жоюлганын, Орусиядан жөнөгөн жүк толук келсе дефицит болбой калаарын айтты. Ошондой эле көгүлтүр оттун жетишпей калгандыгынын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү.

“Эки жума газ тартыштыгы байкалды. Биз негизи газды Орусиядан алабыз. Орус темир жолунда вагондордун тартыштыгынан улам газ убагында келбей токтоп калды. Натайжада Бишкектеги ири май куюучу жайлардын айрымдарында газ жетишсиз болуп, 20-30 автоунаадан турган кезек  күтүүлөргө алып келди. Адатта автогаз жүктөлгөн 20-30 вагон бир келет. Ар кайсы компанияларда буюртмасына ылайык ар түрдүү көлөмдө болот” , — деди ал.

Кыргызстанда жалаң автогаз менен жүргөн унаалар болжол менен 10 пайызды түзөт. 90%дан ашуун автоунаалар күйүүчү май менен жүрөт.

Эскерте кетсек, 25-июндан бери Бишкектеги ири май куюучу жайлардын айрымдарында газ тартыштыгы пайда болгон. Май бекеттердин кээлеринде газ таптакыр калбай калса, калгандарында автоунаалардын кезеги көбөйгөн.

Бишкек шаарында былтыр алынган миңден ашуун автобустун баары газ менен жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM