Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы бекитилди

Кыска кабар | 3 Июл 2024 | 397 | 0

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Айыл чарба министрлиги менен биргеликте Кыргызстанда чийки сүттү сатып алуу баасын аныктоонун тарифтик графигин иштеп чыгышты.

Бул тууралуу 3-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мамлекеттик органдардын, райондук мамлекеттик администрациялардын, сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын, сүт өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин катышуусунда өткөн жыйында айтылды.

Министрлик баалар сүттүн орточо майлуулугуна карата аныкталганын билдирди. Эгер сүттүн майлуулугу 3,4 пайыз болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду түзөт. Ал эми сүттү топтоп даярдоочунун маржасы 5 сомду түзөт.

Баанын мындай тарифтик графигинин таблицасы сүт кабыл алган ар бир заводго орнотулат.

Баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша Монополияга каршы кызмат тарабынан белгиленет. Эгер дыйкан менен заводдун ортосунда сүттүн майлуулугуна карата кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралса, ветеринардык лабораторияларга кайрылса болот. Лаборатория экспертиза жүргүзүп, эгер корутундуда сүттүн майлуулугу 4% болсо, завод фермерден сүттү 40 сомдон кабыл алат.

Бул таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөрү да айтылды.

Учурда сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан асыл тукум уйларга да басым жасалууда. Бул багытта Дүйнөлүк банктын сүт тармагын колдоо долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна 2700 музоолуу уй сатылып берилип, алыскы айылдарына 3 тонналык 20 муздаткыч, сүттүн сапатын текшерген 120 экспресс лабораториялык жабдыктар коюлуп берилген.

Ошондой эле, 8 миң уй жасалма уруктандырылып, асыл тукум 5200 музоолор алынган. Дал ушундай ишти экинчи фазада Нарын, Талас облустарында ишке ашыруу жүрүп жатат. Азыркы тапта аталган облустарда 15 миң уйдан асыл тукум музоолорду алуу үчүн жасалма уруктандыруу жүргөн. Сүттү муздаткыч 50 танкер коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM