Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыска кабар | 17 мая 2024 | 216 | 0

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө насыя алат. Каржылоо жөнүндө макулдашуу президент Садыр Жапаров тарабынан ратификацияланды.

Мыйзам 18-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Маалыматка караганда, насыя абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоого, абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртууга, техникалык көмөк көрсөтүүгө, абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмаларына, менчик үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүүгө, Бишкек шаарын жашылдандыруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды курууга жумшалат.

Copyright © 2017 Maral FM