Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бишкекте абал туруктуу

Кыска кабар | 18 мая 2024 | 284 | 0

Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу, учурда аймактагы абал ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин жетекчилигинин толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Милиция кызматкерлери тарабынан кайгуулдар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында милициянын шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлер жана башка түзүмдөрү менен бирдикте күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти камсыз кылышат. Борбор калаанын бардык көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилди.

Белгилей кетсек, 17-майдан 18-майга караган түнү 100дон ашык адам Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан чет элдиктер жашаган батирлердин жанына топтолгон. Алар Кыргызстан жаранын сабап салды деген пакистандык мигранттардан өч алуу максатын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM