Биз менен байланышыңыз

Президент Масалиевдин алтын тууралуу айткандарына жооп берди

Кыска кабар | 17 мая 2024 | 351 | 0

Президент Садыр Жапаров алтын темасына байланыштуу «Кабар» улуттук агенттигине кезектеги маегин берди. Анда өткөн аптада президент социалдык тармакта тараган белгисиз алтын куймаларга окшош видео жөнүндөгү суроолорго жооп бергени айтылган.

«Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев дагы сөздү улай жергиликтүү радиолордун биринде алтын тууралуу кеп козгоп, бийликти сынга алуу менен мамлекет башчынын бир тууган агасын да сөзүнө кошуп кеткен», — деп айтылат маекте.

Маекте президент бул боюнча шектенүүгө негиз жок экенин, алтындарды мыйзамсыз чыгаруу фактылары болсо бийлик ансыз да кармап келе жатканын билдирген.

Ошондой эле текшерүү иштери боюнча да айтып: «Текшерүү иштери секунд сайын жүрүп турат. Бардык мамлекеттик алтын кендерине видео-көзөмөл байкоолор орнотулган. Алтын менен күмүштөрдүн ар бир граммы Улуттук банкка же “Кыргызалтын” ишканасына келип түшкөнгө чейинки процесси онлайн көзөмөлдө турат. Жүздөгөн, миңдеген көздөр карап турат. Андан ары дүйнөлүк базарга сатууга кетет. Сатуудан келген каражаттарды алтын казган мекемелер менен эсептешет. Ал каражаттар андан ары алтын казуу иштерине жумшалат», — деп кошумчалаган.

Мындан сырткары өлкөдө жалпы канча алтын кени бар экени тууралуу да айтып өткөн.

«Өлкө боюнча 132 алтын кени иштеп атат. Мунун ичинен болгону 17 эле алтын кенинде мамлекеттин үлүшү бар. Алардын баары онлайн көзөмөлдө. Эч бир мамлекеттик кызматкерде бир грамм дагы алтын уурдаганга мүмкүнчүлүк жок. Калган жүздөн ашык кендерди жеке менчиктер иштетет. Булар тээ илгертен бери эле жеке менчикке берилип кеткен лицензиялар экен. Ушулардын кожоюндары алтындарын Улуттук банк же “Кыргызалтын” аркылуу сатпай, түз чыгарып кеткенге аракет кылып, анан кармалып жатышат. Мындай кадамга баргандарынын бир эле себеби – бажы, салык төлөмдөрүнөн качуусу.

Түз чыгарып кетсе, аларга пайдасы көбүрөөк болот да. Ошого карап контрабанда аркылуу чыгарып кеткенге аракет кылышат. Бирок кармалып, алтындары мамлекеттин пайдасына конфискация болуп жатат. Буларды УКМК, ИИМ, Чек ара, Бажы кызматтары биргелешип кармап жатышат. Анын баарын ачык эле көрсөтүп жатышпайбы. Кайсыл тармакта уурулук болбосун, баарын ачык көрсөтөбүз, жашыруун эмес».

Маекте алтынга байланыштуу иликтөөлөрдө же ар кандай окуяларда президенттин бир тууган агасы Сабыр Жапаров тууралуу депутат Исхак Масалиевдин айтканы боюнча кеп козголгон. Президент бир тууган агасы эч кандай уурулукка аралашпаганын, атанын тарбиясын көргөн адамдар экенин айткан. Ошондой эле «Алар чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө: “Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөөрүн унутпагыла, эл менен болгула!”,- деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет» — деп кошумчалаган.

Ошондой эле, эгер Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров же Болот Темировдор алтын тармагы эле эмес, башка тармактарда дагы уурулук болуп атат деген күмөндөрү болсо, мен бүгүн эле элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, аларды эң башкы сабына адис кылып койгонго даярмын, — деп белгилеген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Исхак Масалиев «Марал» радиосунун «Баарын сүйлөшөбүз» программасына маек берген.

Маектин толугун бул видеодон көрө аласыздар:

Copyright © 2017 Maral FM