Ош облусунун Кара-Кулжа районун Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Суу дарыясына жаш бала түшүп кеткени маалым болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерин жүргүзүүгө төрт куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:18 чамасында Кызыл-Суу дарыясынан үч жаштагы Т.Э., атуу баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.