Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Пакистандын аймагында Кыргызстандагы кырдаал боюнча жалган маалыматтар тарап жатат

Кыска кабар | 18 мая 2024 | 359 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактарда жана Пакистандын аймагында Кыргызстандагы кырдаал тууралуу жалган маалыматтар тарап жатканына кабатырлануусун билдирди.

Маалыматта деструктивдүү күчтөр тарабынан чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда, айрыкча Пакистан Ислам Республикасынын аймагында Кыргызстандагы абал тууралуу чындыкка дал келбеген, жалган маалыматтар атайылап таратылып жатканы айтылат.

Министрлик учурда Бишкек шаарында абал тынч жана толук көзөмөлгө алынгандыгын, коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөндүгүн билдирет.

Ушундан улам министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын, блогерлер коомчулугунун өкүлдөрүнөн, ошондой эле чет өлкөлүк кесиптештеринен Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын расмий жана тастыкталган маалыматтарын гана жетекчиликке алууну суранат.

Copyright © 2017 Maral FM