Биз менен байланышыңыз

Милиция жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырат

Кыска кабар | 18 мая 2024 | 296 | 0

Азыркы учурда мессенжерлердеги группаларга белгисиз адамдар мушташта жабыркагандар бар деген жалган маалымат таратып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ошондой эле алар шаардыктарды чет элдик студенттер жашаган жерлерге (жатакана) активдүү чакырышууда.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарында чет элдик жарандар Кыргызстандын бир жаранын ур-тепкиге алып жаткан видео тараган. Буга байланыштуу жаштар митингге чыгып жатканын жазышкан.

Бишкек ШИИББ шаардыктарды жана конокторду чагымчылдыкка алдырбоого, ал эми жалган маалымат таратып жаткандарды коомчулукту адаштырбоого чакырып, мындай аракеттер үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM