Connect with us

Орусия: Мигранттарды жасалма документ менен каттоого тургузгандарды чектеген жаңы мыйзам

Коом | 26 Ноя 2024 | 855 | 0


Орусиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз миграция уюштуруу үчүн жасалма документ даярдагандарга 5 млн рублдан 60 миллион рублге чейин айып пул салуу боюнча мыйзамга кол койду.

«Мыйзамда юридикалык жактарга мыйзамсыз миграцияны уюштурууга жасалма документ даярдагандыгы, мындан тышкары, миграциялык каттоонун эрежелерин бузгандыгы, мыйзамсыз иштөө жана башка нерселер үчүн жазаны күчөтүү каралган», — деп айтылат маалыматта.

Эрежени сактабагандар мүлкүн конфискациялоо менен беш миллион рублден он миллион рублге чейин айыпка жыгылат, бул жорук кайталанса айып пул 10 миллиондон 60 миллион рублге чейин көтөрүлөт.

Ошондой эле мигранттарга иштөөгө укук берүүчү документти жасалмалоого, тагыраагы, штамп, мөөр басуу, бланк толтуруу, аны сатууга 40 миңден 80 миң рублге чейин, кайталанса 100 миңден 200 миң рублге чейин айып пул салынары белгиленген. Мындан тышкары, орус тили боюнча сынактан өткөрүүчү мамлекеттик мекемелердин жоопкерчилиги да каралган.

Бул мыйзамдын Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарга таасири кандай?

Орусияда укук коргоочу болуп иштеген Нура Мээркулованын айтымында, укуктук жагынан алганда бул кадам туура болот. Мекендештер каттоого алуу боюнча ортомчуларга алданбай, документтерин расмий каттоого кое баштайт, — деп эсептейт.

«Орусияга иштегени келген мекендештерибиз, жашаган жерине катталышпайт. Ортомчуларга кайрылып, акчага жасатышат. Бул мыйзамсыз. Жаңы кабыл алынган мыйзмды туура кабыл алыш керек. Анткени, ортомчулар акчасын алып каттабай да, каражатттын кайтарып бербей, документтерин ыргытып жиберген окуялар көп болгон. Мекендештерибиз азыр кыйын болсо да,мыйзамдаштырып алса, өздөрүнө жакшы болот. Негизи эле мигранттар келип жатканда, бара тургаг өлкөнүн эреже жана мыйзамдарын билип келсе кыйынчылык жаралбайт деген ойдомун”.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаковдун айтымында, жакынкы күндөрү эл өкүлдөрү Орусиянын мамлекеттик Думасына барат. Алар келээрки жылы 70-100 миңге чейин мигранттар Орусиядан чыгып кетүүгө мажбур болушу, ошондой эле Санкт-Петербург шаарында 35-40 миңге жакын мигрантты Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча документтер даярдалып жаткандыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Депутаттын пикиринде кыргызстандык мигранттар берилген эскертүүлөргө карабай, ошол аймактын мыйзамдарына көңүл кош мамиле кылгандыктан эрежелер катаалдашып жатканын айтат.

“Экинчи жагынан мекендештерибиз барган жериндеги мыйзамдарга көңүл кош мамиле кылып, аларды сактабай койгондуктан мыйзамдар катталдашып жатат”.

Акыйкатчы Жамилия Жаманбаева Орусияда кабыл алынган мыйзам боюнча ал жакта легалдуу жашап, иштеп жаткандар үчүн тынсызданууга себеп жок деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Орусияда Кыргызстандан барган мигранттардын саны бир миллионго чукул. Бул бейрасмий маалыматтарда айтылып келгени, ал эми расмий маалыматтар боюнча 400 миңден ашык кыргызстандык Орусияда эмгектенет. Айрым эксперттер расмий маалыматтар менен бейрасмий маалыматтардын ортосундагы ири айырма так ушул каттоого туруу маселесинде жасалма документтер көп колдонулгандыгын да айрым себептердин бири катары санайт.


Copyright © 2017 Maral FM