Connect with us

Кадамжайдагы психоневрологиялык мекемеде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 26 Ноя 2024 | 194 | 0

Кадамжайдагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирди.

Маалыматка караганда, 21-ноябрында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин текшерген.

“Мекемеде температуралык режим сакталган эмес. Стационардын коридорлорунда абанын температурасы болгону +5°С, уктоочу бөлмөлөрдө +11°Сден +13°Сге чейин. Мындан улам ал жердеги бейтаптар мекеменин ичинде сырткы кийим жана баш кийим менен жүрүүгө аргасыз болуп, уктоочу бөлмөлөрдөгү төшөнчүлөр антисанитардык абалда болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык бөлмөнүн температурасы +18°Сден +24°Сге чейин болушу керек.

Ошондой эле, тамак-аш боюнча да кемчиликтер аныкталган. Ашкананын кызматкерлеринин айтымында, кампадан жыйырма килограмм чийки эт алынганы менен иш жүзүндө сегиз килограмм гана эт кошулуп бейтаптарга тамак даярдалат.

Мындан тышкары, ашкананын бир кызматкеринин медициналык текшерүүдөн өттү деген маалымкаты жок болгон.

Белгиленген фактылар боюнча протокол түзүлүп, тиешелүү органдарга жиберилет.

Ушул жылдын март айында Акыйкатчы инстиутунун кызматкерлери Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин текшеришкен. Анда он беш эркек, 14 аялдын өздүгүн тактаган документи жок экени аныкталган.

Бейтаптардын мекемеге келгенине көп жыл болсо да, кайдан, качан келгени, жашы канчада экени, аты-жөнү такталган эместиги маалым болгон.

Copyright © 2017 Maral FM