Аксы райондук прокуратурасы Кербен шаарынын тегерегиндеги өндүрүш жана керектөө калдыктарын сактоочу жайларынын текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Аксы районунун прокурорунун жардамчысы Нурайым Катаганова билдирди.
Анын айтымында, Кербен шаарынын Таш-Мойнок участкасында аянты 5,6 га болгон катуу тиричилик калдыктарды сактоочу жайы жайгашкан.
Бул өндүрүш жана керектөө калдыктарын көмүү жайынын абалын текшерген учурда, ал жерди түтүн каптап, таштандыларды ири муйуздуу малдар аралап, оттоп жүргөндүгү аныкталган.
Ошондой эле, Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагынын Гүлдүр-Сай участкасындагы аянты эки гектар болгон таштанды таштоочу жайынын абалын текшерген учурда, белгиленген аймактан сырткры да таштандылар ташталып, ири мүйүздүү малдардын сөөктөрү ташталгандыгы аныкталган.
Аталган маселелер боюнча Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Аксы районунун акимине тийиштүү кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонуу сунуштама келтирилген.