Биз менен байланышыңыз

«Кадамжайдагы психоневрологиялык мекемеде өздүгү белгисиз 19 бейтап бар»

Кыска кабар | 5 Мар 2024 | 138 | 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарга психикалык ооруга чалдыккан адамдардын укугун коргоого чакырык жасады.

Маалым болгондой, Акыйкатчы инстиутунун кызматкерлери Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин текшеришкен. Анда он беш эркек, 14 аялдын өздүгүн тактаган документи жок экени аныкталган.

Бейтаптардын мекемеге келгенине көп жыл болсо да, кайдан, качан келгени, жашы канчада экени, аты-жөнү такталган эмес. Мисалы, 2011-жылы бир адам жаткырылган. Аны мекеменин кызматкерлери «Белгисиз Жоро» деп атап коюшкан. Ошондой эле 1983-жылы түшкөн дагы бир адамдын да өздүгү ушул кезге чейин такталбай келген.

Айтылган 19 адамдын 11инде туулгандыгы тууралуу күбөлүк да жок болуп чыккан. Материал даярдалып жатканда, алардын бирөөнө паспорт берилген. Дагы жети бейтаптын өздүгү такталып жатканын оорукана кызматкерлери маалымдашкан.

Акыйкатчы институту алган маалыматка караганда, жалпы өлкө боюнча жандуу дартка чалдыккан 142 бейтаптын өздүгүн тактаган паспорту жок.

Алар мындан улам өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана башка укуктарын пайдалана алышпасы, ден соолугунда маселе жаралса, ооруканалардан дарылатууда кыйынчылык жаралары белгиленген билдирүүдө.

Аталган жагдайларды чечип берүү, бейтаптардын укугун коргоо максатында Акыйкатчы институту тиешелүү органдарга кайрылуу жөнөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM