Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев түнкү клуб ээлерине эскертүү берди

Кыска кабар | 4 мая 2024 | 182 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түңкү клубдардын кожоюндарына кайрылып, баңгизаттын түрлөрүн жайылтууга жол бербөөгө чакырды.

Ал баңгизаттарды жайылтууга салым кошкондор жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Анын маалыматына караганда, акыркы убакта өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө түнкү клубдардан маңзаттары, көбүнчө, синтетикалык кошулмалар алынууда.

«Укук коргоо органдары тарабынан туруктуу негизде баңгизаттарынын таркатылышынын алдын алуу багытында ыкчам иш аракеттер көрүлүп келет. Тилекке каршы, акыркы убакта өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө түнкү клубдардан маң заттары (көбүнчө синтетикалык кошулмалар) алынып, ал туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалып келет.

Жаштарыбыздын саламаттыгына кам көрүү багытында иштерди дагы да күчөтүү максатында түнкү клубдарды иштеткендерге, алардын ээлерине да эскертүү. Баңгизаттарынын кайсы түрү болбосун клубдарга кирүүсүнө, ал жакта таркатылып, сатылуусуна жол бербегиле. Эгер ошондой учурлар катталса, мыйзам чегинде жоопко тартыласыздар. Клубду иштеткендер дагы, анын кожоюндары дагы» , — деди Камчыбек Ташиев.

Copyright © 2017 Maral FM