Биз менен байланышыңыз

Сузактан Бишкекке жеткирилген кыздын башына операция жасалды

Кыска кабар | 4 мая 2024 | 210 | 0

Сузактагы «Манас айтуу» иш-чарасында унаа тебелеп кетип, баш сөөгү сынган тогуз жаштагы кыздын башына операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

4-майда Бишкекте өспүрүмгө операция жасалып, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка адистер менен бирге катышты.

Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланары кабарланды. Бардык жабырлануучулар компьютердик томографиядан жана зарылчылыкка жараша лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, тиешелүү дары-дармектер берилди.

Министрлик калган жабырлануучуларга көрсөтмөгө жараша пландуу операциялар жасаларын билдирди.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында 9 бала дарылануусун улантууда, алардын абалы туруктуу. Бир бейтап үйдөн дарыланууга чыгарылган.

2-майда саат 11:30 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлдү. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, комиссиянын курамына министрликтердин, президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирди.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын бардык флешмобдорун жана башка массалык иш-чараларын токтотту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM