Биз менен байланышыңыз

Журналистика саясий кысым алдында: Сөз эркиндиги боюнча рейтинг жарыяланды

Кыска кабар | 4 мая 2024 | 325 | 0

Кыргызстан «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму жарыялаган басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 120-орунду ээледи. Былтыркы жылдагы рейтингде Кыргызстан 122-орунда болчу.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму дүйнө жүзүндөгү басма сөз эркиндигине саясий бийлик коркунуч жаратып жатканын, Чыгыш Европада жана Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы кескин начарлаганын белгилейт.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен сөз эркиндиги боюнча айырмаланганы менен учурда медиага кысым болуп жатканы белгиленет.

«Өкмөт бардык салттуу ЖМКларды көзөмөлдөп турат жана өз таасирин жеке медиага жайылтууга аракет кылып жатат. Белгилүү бир деңгээлде плюрализм бар, муну 24.kg, Kaktus media жана Kloop.kg cыяктуу жаңылыктар сайттарынын жана журналисттик иликтөөлөрдүн популярдуулугу далилдейт. Бирок бул маалымат каражаттары куугунтукка алынып, акыркы убакта алардын абалы оор болуп калды. Калктын басымдуу бөлүгү үчүн радио жана телекөрсөтүү жаңылыктардын негизги булагы болуп калууда» , — деп айтылат маалыматта.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму көз карандысыз медиа кысымдын жаңы толкунуна туш болгонун белгилейт. Ага мисал катары, быйыл январда 11 журналисттин кармалышы, иликтөөчү журналисттердин каралоолорго туш болушу, маалымат сайттары коррупция жөнүндө макала жарыялангандан кийин киберчабуулдардын бутасына айланары келтирилет.

Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде биринчи орунда Норвегия турат, Дания экинчи орунда, Швеция үчүнчү катарда.

Индекстин төмөнкү баскычтарында Кытай, Вьетнам жана Түндүк Корея сыяктуу Азия өлкөлөрү бар.

Басма сөз эркиндиги сакталбаган үч өлкө – Ооганстан, Сирия жана Эритрея.

Copyright © 2017 Maral FM