Биз менен байланышыңыз

БШК Баткенден Бактыяр Калпаевди депутат болуп шайланганын тааныды

Кыска кабар | 4 мая 2024 | 159 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Бактияр Калпаевди Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды.

№2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 10 талапкер катталган. Бактыяр Калпаев Баткен шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо 41,51% добуш алган.

Бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда 8 арыз жана даттануу түшкөн. ​БШК даттануулар каралганын жана алар боюнча чечим кабыл алынып, мыйзамдарга ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилгенин билдирди.

28-апрелде Ош, Баткен, Кара-Суу шайлоо округдарынан бир катар депутат мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы үчүн кайра шайлоо өттү.

Copyright © 2017 Maral FM