Биз менен байланышыңыз

Сузакта жабыркаган балдарга президенттин фондунан акча бөлүнөт

Кыска кабар | 4 мая 2024 | 144 | 0

Сузак районунда болгон «Манас айтуу» иш-чарасында жабыркаган балдардын үй-бүлөсүнө президенттин атынан финансылык жардам көрсөтүлдү. Маалыматтарга караганда, Президенттин фондунан 200 миң сомдон бөлүндү.

3-майда Сузакта жабыркаган балдар Бишкекке алып келинген. Алар шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында.

Маалым болгондой 4 бала реанимацияга, 6 бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. Балдарды текшергенден кийин хирургиялык чара көрүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

2-майда саат 11:30 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлдү. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, комиссиянын курамына министрликтердин, президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирди.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын бардык флешмобдорун жана башка массалык иш-чараларын токтотту.

Copyright © 2017 Maral FM