Биз менен байланышыңыз

Президент Сузактагы окуя боюнча чара көрүлөрүн айтты

Кыска кабар | 4 мая 2024 | 281 | 0

Президент Садыр Жапаров 4-майда Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Манас айтуу» иш-чарасы учурунда жүк ташуучу унаа тебелеп кетип, жабыркаган балдардан кабар алды.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, өлкө башчы балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды.

Садыр Жапаров массалык иш-чарадагы коопсуздук чараларына кайдыгер мамиле кылгандарга комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи.

Абалы оор экени айтылган он бала 3-майда атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алардын бири баш сөөгү сынган тогуз жаштагы кыздын башына 4-майда операция жасалды.

2-майда саат 11:30 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлгөн. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, комиссиянын курамына министрликтердин, президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирди.

Copyright © 2017 Maral FM