Биз менен байланышыңыз

Ошто шайлоо өнөктүгүнө аралашканы айтылган жетекчилер кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 310 | 0

Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өнөктүгүнө аралашканы айтылган мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи жана кызматкерлер жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, комиссиянын чечими менен «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан четтетилгени белгилүү болду.

“Ош шаар суу канал” ишканасынын жетекчиси Доолатбек  Кокочоров, Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловго эскертүү берилди.

“Ош шаар суу канал” ишканасынын жетекчисинин орун басары Талант Байкишиев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Камил Камчы уулун кызматынан бошотуу сунушу жетекчилигине жиберилди.

Мэрия териштирүү учурунда шайлоо өнөктүгүнө аралашты делген шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Эгембердиев, “Ош жылуулук камсыздоо” ишканасынын кызматкерлери Алтынбул Жунусов, Кабылжан Абдибаитов, Раджи Жээналиев, Айзирек Атажанова, Сухраб Сайдуллаев, Нооруз Ашимжан уулу ушул күнгө карата аталган ишканада иштебей тургандыктары аныкталды.

Мындан сырткары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев менен “ГазпромКыргызстан” ЖЧКсынын “ОшГаз” филиалынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовго карата чара көрүү сунуштар жиберилди.

«Буга чейин Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана жетекчилери шайлоо өнөктүгүнө аралашпоо боюнча Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аппараттык жана коллегиялык отурумдарда бир канча жолу эскерткен. Андан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларга кат да жиберилип маалымдалган» , — деп айтылат маалыматта.

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Ош шаарында Жогорку Кеңешке өтө турган шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө бир катар мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине аралашканы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Депутат Ташиев Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүнө комментарий берди

Copyright © 2017 Maral FM