Биз менен байланышыңыз

Депутат Ташиев Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүнө комментарий берди

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 946 | 0

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Ош шаарында Жогорку Кеңешке өтө турган шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө бир катар мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине аралашканы тууралуу иликтөө жарыялады.

Ал анда №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бекмурза Эргешовдун парламенттин депутаты Шайырбек Ташиев менен үй-бүлөлүк катнашы бар экенин айткан.

Эл өкүлү Шайырбек Ташиев бул боюнча «Маралга» комментарий берип, шайлоого аралашпаганын билдирди.

«Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин шайлоо процесстерине аралашуусу мыйзам бузуу болуп саналат жана алар жоопко тартылышы керек. Мен элдин тандоосуна, шайлоо укугуна эч кимдин кийлигишүүсүнө жол жок деген принципти карманам. Керек болсо өзүмдүн 2021-жылкы шайлоо кампаниямды иликтеп чыксаңар болот.

Кыргызстан кичинекей өлкө, тааныш-билиш, карым-катнаш баарыбызда бар, аларды жалпылап эле саясий процесстердеги лобби катары кабыл алуу туура эмес деп ойлойм. Ыдырыс резонанс жаратуу максатында Ташиевдердин аты-жөнүн өз блогунда пайдаланыптыр деп кабыл алдым, эми айтылган жагдайлар мыйзам чегинде каралат деп ишенем. 

Мен дагы бир ирет жоопкерчиликтүү айтам, жүрүп жаткан шайлоолорго эч тиешем жок» , — деп айтылат билдирүүдө.

Ош, Баткен, Кара-Суу шайлоо округдарынан бир катар депутат мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы үчүн кайра шайлоо 28-апрелге дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM