Биз менен байланышыңыз

Дагы бир депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 299 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Мындай чечим БШКнын 25-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Максатбек Сарбагышев БШКга ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча өзү арыз бергени айтылды.

2021-жылы Ысык-Көл облусу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Ал 2011-жылы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин депутаты болгон. 2012-жылы Чоң-Сары-Ой айыл  өкмөтүнүн башчысынын орун басары, кийин Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы, акимдин орун басары, аким боулп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM