Биз менен байланышыңыз

Сын жана «сөгүш» менен коштолгон өкмөттүн жыйыны

Коом , Экономика | 25 Апр 2024 | 340 | 0

Президенттин Администрациясы өткөн жылдын жыйынтыгы жана ушул жылдын биринчи кварталы боюнча ишмердүүлүгү тууралуу жыйын өткөрдү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандын президентинин саясатын колдоо деңгээли рекорддук чекке жеткенин айтты.

Министрликтердин жана облус жетекчилеринин аткарган иштерине, 2024-жылга карата пландарына бир катар сын айтылды. Жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү кызматтан алына турган болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров адаттагыдай эле экономикалык өсүштөргө токтолуп, өлкө экономикасы туруктуу өнүгүүгө карай жылып баратканын белгиледи.

Экономика жана соода министрлиги 2024-жылга карата ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион 410 миллиард сомдон ашат деп болжолдоодо, реалдуу өсүү темпи 6 пайызды түзөөрү күтүлүүдө.

Инфляция 2023-жылы 13,9%дан 10,8%га төмөндөдү жана 2024-жылга карата 5,5%дан 6,5%га чейин болушу болжолдонууда.

«Биз 2024-жылдын биринчи кварталын 8,8% өсүш менен аяктадык. Өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүн дээрлик үч эсе көбөйттүк. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашты, ал эми 2024-жылга 600,7 миллиард сом пландалууда, бирок Каржы министрлиги бул көрсөткүчтөн ашат деп болжолдоодо. Жакынкы 3 жылда бюджетти 1 триллионго жакындатуу боюнча жакшы прогноздор бар», — деди ал.

Ошентсе да бир катар министрлик, жергиликтүү бийлик бутактарында коюлган пландар толук аткарылбай калганы сынга кабылды. Акылбек Жапаров үч министрге сөгүш жарыялап, бир топ жетекчинин кызматынан бошотот.

Эскертүү алгандар:
1. Кулубаев Жээнбек — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
2. Талантбек Иманов – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;
3. Буржуев Азамат — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

Сөгүш алгандар:
1.  Санариптик өнүктүрүү министри- Нурия Кутнаева,
2. Транспорт жана коммуникациялар министри- Тилек Текебаев,
3. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри- Алтынбек Максүтов,
4. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары- Жумамүдүн Жумалиев
5. Саламаттык сактоо министринин орун басары- Арыкбаева Бүбүжан
6. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары- Раимкулова Асел
7.  Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү- Элчибек Жантаев.
Мындан тышкары, Президенттин Администрациясынын коллегиясынын чечими менен бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу боюнча Мамлекет башчыга сунуштар киргизилет.

Кызмат орундарынан бошотууга сунушталгандар:

9. Кемин районунун акими Алайбек Жумаев, биринчи орун басары Акылбек Мурсалиев, орун басары Кайрат Жетенбаев жана аппарат башчысы Бактыбек Алиев;
10. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев;
11. Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары Абдирашит Ташбалтаев;
12- Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Адилет Дүйшөмбиев.

Акылбек Жапаров ар бир кызматкердин кылган иш-аракети боюнча маалымат келип турганын, ар бир жетекчиликтин паланы болуусу керектигин айтты.

«Аткаруучулук тартипти чыңдообуз керек. Биз атайын чоң башкарманы түзүп,сиздердин ар бир кыймылыңыздарга көз салып турабыз. Мага жума сайын сиздер тууарлуу Ички иштер министрлигинен, УКМКдан маалымат келип турат. Планыңар жок болсо, «көлдөгу жарты кайыктай, көрүнгөн жака сүзүп жүрө бересиңерби?  Өкмөттүн планы бар, облустун, район акиминин, ар бир айыл өкмөттүн планы болуу керек. Ар бир жетекчи бүгүн эмне кылам, эртең эмне кылам, жаз келип жатат, жай келип жатат талаа иштери башталды кандай кылам, күз келе жатат, түшүмдү кантип жыйнайбыз, аны кайда сатабыз, кыш келе жатат колунда жоктор кыштан кантип чыгат деген планыңар болуусу зарыл. План жок кантип иштеп жүрөсүңөр?»

24-апрелде президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялаган.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов кээ бир мамлекеттик органдар тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтерге токтолду.

«Мисал катары айтсак, Санариптик өнүктүрүү министрлигине “Санариптик Кыргызстан 2024-2030” стратегиясын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлгандыгына карабастан, министрлик аталган стратегиялык документтин ордуна, “Санариптик концепция” долбоорун Администрацияга киргизген. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын электрондук почтасынын аталышын «справочнигин» иштеп чыгуунун ордуна 1 жыл 8 ай кечигүү менен токтомдо көрсөтүлбөгөн 27 500 мамлекеттик кызматкерлердин электрондук почтасын иштеп чыгууга конкурс жарыялап, жыйынтыгында 40,0 млн сомдук келишимге кол коюшкан. Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстары министрлигинде жана Улуттук инвестициялар боюнча агенттигинде 2023-жылга иш-пландары түзүлбөгөнү, Энергетика министрлигинде 2024-жылдын 1-кварталына карата иш-планы жоктугу, Жаратылыш русурстары министрлиги 2024-жылга карата иш-планын эки айга кечигип бекиткени, Саламаттык сактоо министрлиги бир жарым айга кечиктирген. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги 20дан ашык ченемдик укуктук актыларды аткарбай келет. Үч жыл ичинде мекеме 125 млн сомдон ашык бюджеттик каражат сарптап, анын өкүлдөрү 800 күндөн ашык чет элдик иш сапарларда иштеп, жыйнытыгында бир дагы инвесторду тартууга жетишкен эмес. Тышкы иштер министрлигинде болсо 2023-2024 жылдары ратификация иштери бүтпөгөн 16 эл аралык келишим аныкталып, жалпы 6 жолу кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Маданият министрлигинде 10дон ашык ченемдик укуктук актылар такыр аткарылбай, алардын айрымдары ар кандай шылтоолор менен 2 жылдан бери узартылып келүүдө», — деди Азамат Осмонов.

Жыйында белгилүү болгондой, 16 мамлекеттик орган «эң жакшы», 15и «жакшы», бири «канааттандырарлык» жана дагы бири «канааттандырарлык эмес» деген баа алды.

Ички иштер министрлиги, Улуттук статистикалык комитет жана Кыргызпатент «эң жакшы» деген баа алган мамлекеттик органдардын үчилтигине кирди.

«Жакшы» деген баа алган мамлекеттик органдардын ичинен биринчи үч орунду Саламаттык сактоо министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү, Экономика министрлиги ээледи.

Copyright © 2017 Maral FM