Биз менен байланышыңыз

Футзал: Кыргызстандын курама командасы Вьетнам менен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 25 Апр 2024 | 588 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиландда өтүп жаткан Азия кубогунда 5-орун үчүн оюн өткөрөт. Жеңүүчү аталган команда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат.

Бул турнирде чейрек финалда утулуп калган Кыргызстан, Ооганстан, Ирак жана Вьетнамдын командалары беттешет.

Кыргызстан курама командасы чейрек финалда Өзбекстанга утулуп калган Вьетнамдын курама командасы менен ойнойт. Кыргызстандык команда чейрек финалда Иранга 1:6 эсебинде утулуп калган.

5-орун үчүн турнирдин жарым финалдык баскычынын беттештери 26-апрелде өтөт.

Вьетнам — Кыргызстан командаларынын оюну Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM