Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров абактан чыкты

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 175 | 0

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыкты.

26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген эмес.

Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталган.

Быйыл 8-февралда райондук сот Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасын карап, 9-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюуга айыпталып, «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен камакка алынган.

Кийинчерээк Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, арыз жазган. Бул фактынын негизинде «алдамчылык» беренеси да кошулган.

Адахан Мадумаровду 2023-жылдын 2-сентябрында ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери көчөдө жүргөндө кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM