Биз менен байланышыңыз

Манасбек Самидинов кайрадан «Манас» аэропортунун жетекчиси болду

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 260 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп, «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагалыгына кайрадан Манасбек Самидинов шайланды.

Башкармалыктын мүчөлөрүнүн жаңы курамына Манасбек Самидинов, Мирлан Кубаталиев, Адилет Малдыбаев, Алтынбек Мамбетов, Талгат Жапаров, Бакытбек Бекбача уулу, Аман Мамаев бекитилди.

38 жаштагы Манасбек Самидинов 2022-жылдын февраль айынан баштап «Манас Менеджмент» компаниясыны башкы директору кызматын ээлеген. Бул ишкана «Манас» эл аралык аэропортунун» туунду компаниясы болуп саналат.

«Манас» эл аралык аэропорту» башкармалыгынын төрагасы кызматына 2022-жылдын июлунда дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM