Биз менен байланышыңыз

Тогуз айда пенсия жана жөлөкпулга 37,3 млрд сом сарпталды

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 474 | 0

Быйыл 9 айда пенсия жана жөлөкпулга 37 млрд 327,3 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. Алар:

  • Бишкек шаары — 6 млрд 106,9 млн сом;
  • Чуй облусу — 5 млрд 736,2 млн сом;
  • Нарын облусу — 2 млрд 972,5 млн сом;
  • Ысык-Көл облусу — 3 млрд 396,4 млн сом;
  • Талас облусу — 1 млрд 542,5 млн сом;
  • Ош шаары — 1 млрд 342,5 млн сом;
  • Ош облусу — 6 млрд 838,3 млн сом;
  • Баткен облусу — 2 млрд 989,8 млн сом;
  • Жалал-Абад облусу — 6 млрд 402,2 млн сом.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу ушул жылдын сентябрында 4 млрд 81,3 млн сом түздү. Учурда өлкө боюнча пенсионерлердин саны 709 миң 728 адамды түзөт. Алардын ичинен 237 миңдейи  “Кыргызпочтасы” аркылуу пенсиясын алат. 67 %ы республикалык банктардан акчасын алат.

Пенсионерлердин 14 миңдейи 1 миң 780 сом өлчөмүндө пенсия алат. Бул категориядагы адамдар мыйзам талап кылган керектүү стаж топтогон эмес. Ошондой эле алар эч кандай жумушта иштебей, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM