Биз менен байланышыңыз

Мыкты пенсиялык тутумдары бар мамлекеттер аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 546 | 0

Пенсиянын мыкты тутуму — Нидерланды менен Данияда. Бул тууралуу Mercer институтунун адистери жарыялаган Дүйнөлүк пенсия индексинде айтылат.

Адистердин айтымында, дүйнөдө пенсиялык тутуму жакшы делген 39 өлкө бар. Бирок быйыл коронавирус пандемиясынан улам, пенсиялык тутумдун баалары аталган өлкөлөрдүн жарымынан көбүндө арзандады.

Авторлордун бири Дэвид Нокстун айтымында, пандемиядан кийинки глобалдык төмөндөө көптөгөн өлкөлөрдө пенсиялык төлөмдөрдүн жана ички-тышкы инвестициянын төмөндөшүнө, ошондой эле мамлекеттик карыздын өсүшүнө алып келген.

«Демек, эми кээ бир адамдар дагы бир нече жыл дагы иштеши керек болсо, башкалары пенсияга чыккандан кийин жашоо деңгээлин төмөндөтүүгө аргасыз болушат. Биз дагы өзүбүзгө таянууга аргасыз болобуз», — деди ал.

Мындан улам атайын категориялык деңгээлге бөлүп чыкканда, төмөнкүдөй жыйынтык чыккан:

«А» категориясы — Нидерланды, Дания;

«В» категориясы — Израиль, Австралия, Финляндия, Швеция, Норвегия, Сингапур, Канада, Жаңы Зеландия, Германия, Швеция, Ирландия, Чили;

«С+» категориясы — Улуу Британия, Бельгия, Гонконг, АКШ, Малайзия, Франция;

«С» категориясы — Колумбия, Испания, Сауд Арабиясы, Перу, Польша, Бразилия, Түштүк Африка, Австрия, Италия, Индонезия, Түштүк Корея;

Булардан тышкары тизменин эң төмөнкү сабына Япония, Кытай, Индия, Мексика, Филиппин, Түркия, Аргентина жана Таиланд өлкөлөрү жайгашкан.

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн бири болгон Япониянын пенсиялык тутуму да начар көрсөткүчтөрдүн бири болуп, 32-орунду ээлегени көңүлдү бурат.

Борбор Азиянын башка мамлекеттери жана Орусия тизмеге кирген эмес.

Copyright © 2017 Maral FM