Биз менен байланышыңыз

Жуматаева: Пенсияны көбөйтүү үчүн кийинки жылга 510 млн сом эле каралып жатат

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 634 | 0

Социалдык фонддун 2021-жылга пенсияны көбөйтүү боюнча пландары бар, бирок азыраак деңгээлде. Мисалы быйыл 830 млн сом каралса, кийинки жылга 510 млн сом эле каралып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен 35 млн сом кыскартылган. Ал эми 2021-жылга 40, 7 млн сом кыскартылган.

«Камсыздандыруу төгүмдөрү түшпөй жатат. Жалпы 2 млрд 700 млн сомго камсыздандыруу төгүмү кыскарып жатат. Тарифке жараша пенсиялык фонд да, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду да жапа чегип, ошондон жоготуу болуп жатат», — деди Жуматаева.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 686 миң пенсионер бар. Бирок  2021- жылдын аягына карата орто эсеп менен  710 миңге жетиши күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM