Биз менен байланышыңыз

Улгайгандарга жетиштүү көңүл бурулбайт

Коом | 1 Окт 2019 | 699 | 0

Бүгүн, 1-октябрь — Карылар күнү. Аталган датага байланыштуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосун жолдоду. Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн 7 %дан 18 %га чейин көбөйтүү боюнча токтомго кол койду. Баса, мындай көбөйтүү жыл сайын аткарылып, салтка айланып калган.

Карылардын пенсиясы тиерде, балдары кайдан-жайдан пайда боло калышат…

Кыргызстанда 6 карылар үйү бар. Маалыматтарга таянсак, ата-энесин карылар үйүнө таштап кетип жаткан кыргыздардын саны жыл санап көбөйүп баратат. Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаеванын айтымында, карылар балдарына пенсиясы келген учурда эле керек. Пенсия алат деген күнү кайдан-жайдан пайда боло калышарын айтып, нааразы болду.

— Учурда бизде 190дой кары бар. Алардын 70и — кыргыз. Бизди өкмөт каржылагандыктан, күнүнө ар бир карыя үчүн 100 сомдон бөлүнөт. Мындан тышкары, дары-дармегине 12 сомдон берилет. Албетте, бул — өтө аз. Эмнегедир кийинки мезгилдерде кыргыздар ата-энелерин карылар үйүнө алып келип жатышат. Дагы бир нерсени айта кетсем, пенсияны биздин улгайган адамдар өздөрү алышат, ошондо кайдан-жайдан балдары пайда болуп калышат. Анан да айта кетерим, биздеги карылардын элүүсү төшөктөн тура албайт.

Карылар үйүнө бөлүнчү акчанын суммасын көбөйтүү керек. Анткени…

Мамлекет тарабынан ар бир карыя үчүн күнүнө 100 сомдон бөлүнөрү жогоруда айтылды. Бирок бөлүнгөн каражат жетиштүүбү? Биз бул суроо менен Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Ниязга кайрылдык. Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекет тарабынан улгайгандар үчүн жетишерлик көңүл бурулбай жатат. Анткени, мурда кыргыздар ата-энесин таштап кетет деген түшүнүк болбогондуктан, бул маселе үстүртөн эле каралып келген.

— Мамлекеттен которулуп жаткан сумма абдан эле аз. Бирок бир нерсени эске алышыбыз керек. Карылар үйүнө каражат которуу маселеси көтөрүлүп жатканда, мамлекет: «Ал жакка карылар көп барат», — деп ойлогон эмес. Кыргыздар ата-энесин өзүлөрү багып эле келген да. Тилекке каршы, учурда бул маселе көйгөй болуп жатат. Ошон үчүн кайрадан карап чыгууга туура келүүдө.

Өлкөдө 49 миң 500 кары бар 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин карылар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Мира Тургунбаева убай көрөр курагын өзүнүн үйүндө эмес, карылар үйүндө өткөрүп жаткандар күн санап өсүп баратканын айтат. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 6 карылар үйү бар болсо, алардын ар биринде 400дөн кары бар.

— Бүгүнкү күндө министрликтин карамагында 17 социалдык-стационардык  мекеме бар. Алардын ичинен алтысы карылар менен иш алып барат. Аталган мекеменин ар биринен 700дөн ашык адам ар кандай жардам алып келишет. Өлкө боюнча 495 500 кары бар.

Карылар үйүндө жашап жаткан карыларга материалдык жардам эмес, көңүл бөлүү керек…

Карылар үйүн мамлекет эле каржылабайт. Бир катар коомдук уюмдар да ар кандай көмөк көрсөтүп келишет. Алардын бири — «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду. Аталган фонддун директору Айдар Кубанычбеков улгайган адамдар үчүн материалдык жардамдан мурун, көңүл буруу жана алар үчүн атайын убакыт арноо баарынан кымбат турарын билдирди.

— Биз улгайгандарга азык-түлүк, кийим-кече жаатында жардам берип келебиз. Бирок  мен бир нерсени айтат элем, ал материалдык жардамдар алар үчүн маанилүү деле эмес. Алар үчүн башкысы — көңүл. Күн сайын болбосо да, ар аптада барып сүйлөшүп турууну, көңүл бурууну каалашат. Бирок тилекке каршы, бизде мындай аракет жок. Бир күн эле баарыбыз бапырап барабыз, калган 364 күн унутта калат. Мындай нерсе болбош керек.

Copyright © 2017 Maral FM