Биз менен байланышыңыз

Алименттин өлчөмү жогорулайт

Коом | 25 Сен 2019 | 4217 | 2

Жыл сайын Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлө ажырашат. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары ортодо калган балдардын келечегине тынчсызданышып, алименттер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Анда алименттин өлчөмүн жогорулатуу жагы көтөрүлдү. Башкысы, балдардын кызыкчылыгын коргоо приоритети турат. Маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө алимент төлөөдөн качкан 40 миңден ашуун адам бар. Анын 92 %ы эркектер болсо, 8 %ын аялдар түзөт. Бирок ошол эле учурда алименттин өлчөмүн жогорулатуу сунушун колдобогондор да бар.

Атын атагысы келбеген каарманыбыз бүгүнкү күндө башынан оор турмушту өткөрүп жатканын баяндап берди. Анын 3 баласы бар. Жубайы менен ажырашып кеткенине 3 жылдан ашты. Бирок ошол убактан бери күйөөсү балдарына алимент төлөмөк тургай, алыстан болсо да акыбалын сурап койбогонун айтып нааразы. Бул — бир гана жалгыз бой эненин арманы. Мындай тагдыр жыл сайын миңдеп катталып келет.

— Менин үч балам бар. Кичүүсү төрөлгөндө эле ажырашып кеткем. Ошондон бери балдарымды жалгыз багып, оокатымды кылып келем. Улуу кызым кол арага жарап, балдарды карап, каникулда иштеп акча табат. Айла жок. Иштетким деле келбейт. Бирок окууга даярдаарда кыйналып кетем. Күйөөм алимент төлөмөк турсун, телефон чалып же келип ал-акыбалды сурап койбойт.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева алименттин өлчөмүн жогорулатуу сунушун көтөрүп чыкты. Туруктуу жумушу жок, же иштеп жаткан айлыгы тууралуу жалган маалымкат алып келгендер үчүн ар бир балага 1800 сомдон жогору алимент алууну сунуштайт. Ал ата-эне эки ажырым жолго түшкөндө балдар жеткиликтүү билим, тарбия ала албай жатканын айтып, буларга токтолду:

— Буга чейин алимент төлөй тургандар иштеп жаткан жеринен «айлыгым 1000 сом» деген маалымкат алып келип бере беришчү. Ошого жараша алиментти 200-300 сом кылып алышчу. Мындан улам, мыйзамга өзгөртүү киргизип жатабыз. Анда ар бир балага минимум 1800 сомдон кем болбойт. Канча баласы болсо, ар бирине аталган суммадан баштап төлөй берет. Бул сумма иштебегендерге да тиешелүү.

Алимент төлөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо сунушталды

Деген менен «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова: «Алименттин көлөмүн көбөйткөн менен, аны төлөбөгөндөн кийин пайдасы жок», — деп эсептейт. Күйөөсү дайынсыз жоголуп, алимент ала албай жүргөн келиндерди мисал келтирип, маселени чечүү жолдорун издөө керектигин айтат. Анын пикиринде, эгерде алимент тууралуу мыйзамга өзгөртүү кирип калса, анда атайын механизмин ойлоп таап, иш жүзүндө иштетүү зарыл.

-Мейли көтөрсүн же түшүрсүн, бирок жыйынтык керек болуп жатпайбы? Бизге канчалаган аялдар: «Күйөөм алимент төлөбөй жатат», — деп кайрылат. Качып кетишет. Же ичкиликке берилип кетишкен болот. Ушул маселелерди да эске алышыбыз керек да.

Алимент эмгек акынын 50 гана пайызына чейин алынат. Эгерде ал адамдын туруктуу иши болбосо, сот так сумманы коюп берүүгө укугу бар. Бул боюнча  Эмгек сиңирген юрист Мукар Чолпонбаев маалымат берип, алименттин көлөмүн көтөрүүнү туура көрбөй турганын кошумчалады. Бүгүнкү күндө мыйзамда көрсөтүлгөн өлчөм ошол эле бойдон калып, азайтуунун да, көтөрүүнүн да кажети жок.

-Мыйзамда так, даана жазылып турат. Күйөөсү же аялы иштеп жаткан жумушундагы айлыгынан бир бала үчүн 25 %ын, ал эми 2 бала болсо, 35%ын, 3 же андан жогору болсо 50%ын алимент катары төлөйт. Андан ашпайт. Эгерде алимент төлөй турган адам иштебеген, же туруктуу жумушу болбосо, соттор ага так сумманы көрсөтүп берет. Эгерде алимент 3 айдан бери төлөнбөсө, анда ал адам жоопко тартылат.

Белгилей кетсек, 1990-жылы кабыл алынган алименттер тууралуу мыйзамга бир дагы өзгөртүү киргизиле элек. Ал эми 2017-жылдагы маалыматтар боюнча Кыргызстанда алимент төлөбөгөн 533 адам издөөдө жүрөт. Алардын ону — аялдар.

Алимент талабы- балдарга камкордук

2 пикир

2 пикир

  1. Салтанат Джаналиева

    24.07.2022 19:09

    Саламатсынар мен 3 жылдан бери алимент алалбай жатам суд исполнителдер вообще иштебейт барсан эле ана мына деп калп айтышат не то что алып бермектигул сот вообще камарабай Ысык кол областы жети огуз району Кызыл суу соту уже соз жок аларга алиментти алып береалбагандан кйин эмне иштеп жатышат проста зарплат алып

  2. Лиза

    14.11.2022 12:04

    Алимен бизде эмнеге аз Бир балага 1800 атасы Рф кандай кылабыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM