Биз менен байланышыңыз

Алимент талабы- балдарга камкордук

Коом | 26 Фев 2019 | 1049 | 0

Бүгүнкү күндө алимент төлөөдөн  качып жүргөндөрдүн саны 2593кө жетет. Мындай баш аламанга чектөө коюп, өлкөдөн чыгарбоону Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева сунуштады. Аны менен катар качып жүргөндөрдүн айдоочулук күбөлүгүнөн жана эркинен ажыратуу каралууда.

Жыпара Коңурбаева жолдошу экөө маклулдашып турмуш курушкан. Бирок эки жолго түшкөндөн бери, алимент эмес, телефон чалып балдарын сурап кабар алып койгон эмес.

-Мен күйөөм менен  ажырашкам. Ортобузда эки балабыз бар. Улуусу төрттө, кичүүсү экиге чыкты. Балдар менен үйдө отурам. Бала бакчага берейин десем ага каражат керек. Жолдошум алимент эмес балдарына телефон чалып, ден соолугун сурап да койбойт. Акча төлөгөндөн качып, телефон номерин да которуп салыптыр.

Каарман белгилегендей бүгүнкү күндө ата-энелик милдеттен качкандардын саны арбыды. Жогорку соттун алдындагы сот департаментинин маалыматында быйыл алимент төлөөдөн 2593 адам качкан.

Эми мындай ата-энелерди чет өлкөгө чыгарбоо демилгеси көтөрүлүүдө. Балдарын таштаган ата же эненин жоопкерчилигин күчөтүү керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева “Маралга” берген маегинде билдирди.

-Бүгүнкү күндө жоопкерчиликтен качкан гана ата-энелерге каралып жатат. Эмне үчүн чет өлкөгө чыгууга каражат табылат дагы, балдарын камсыздоодо акча табылбай калат. Бул эмнеден кабар берет? Албетте балдарынын милдетинен качуу дегенди билдирет. Эгерде өлкөдөн чыгыш керек болуп жатса, баардык алиментти төлөп каалаган учурда, каалаган жагына чыга берсе болот.

Бир гана чет өлкөгө чыгуу эмес, эми балдарын таштаган ата же энени укуктарын чектөөгө айдоочулук күбөлүктөн жана эркинен ажыратуу дагы каралып жатканын Жогорку соттун алдындагы Сот актыларынын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын  башчысы Нурлан Бирназаров билдирди.

-Мыйзам долбооруна ылайык карызкорлордун үстүнөн чектөөлөр киргизилет. Эгерде мыйзам бузуучулардын айып пулу көбөйүп, үч айдан ашып кетсе айдоочулук күбөлүктөн четтетилип, аңчылыкка уруксат берилбейт. Айыпка тартылат. Анын суммасы миң сомдон 20 миң сомго чейин. Эгерде айыптар төлөнбөсө эркинен эки жарым жылга ажыратылат.

Ал эми экс вице-примьер министр Дамира Ниязалиева  ата-энелер алимент төлөшү керек деп эсептейт . Бирок чектөөлөрдү жөнү жок коюп кыйнаган да туура эмес. Себеби өлкөдөн чыгууга тыюу салган, айдоочулук күбөлүктөн четтетүүлөр иштеп жаткан жарандарга кыйынчылык жаратат. Мындан улам сунушталган мыйзамга ата-энени таштап кетүүнү да карап көрүүнү туура көрөт.

Албетте алименттен качкандарга каттуу жаза болушу керек. Анкени балдарын таштап кетпей, жоопкерчиликтүү болушу үчүн. Анкен менен төлөмдү төлөп жаткан адамдын дагы шартын карап чыгуу шарт. Жөн эле мыйзам чыгарып, чектөөлөрдү коюп коюу туура эмес. Балким чет жерде иштеп, акча таап салгандар болушу мүмкүн, такси кызматында иштеген жарандарыбыз да арбын. Баардыгын карап, ыңгайлуу шарт түзүшүбүз керек. Сунушталып жаткан чектөөлөргө  кошумчалагым келип турат. Ата-энесин таштап кеткендерге чара көрүлүшү керек. Алар дагы жоопко тартылуусун каалайт элем.

Статистика боюнча 2017-жылы алимент өндүрүүгө сот аткаруучуларынын көзөмөлүнө жалпы 38 500 арыз түшкөн.

Былтыр  алимент төлөөчү карызкорлордун саны 41 843 болгон. Алардын ичинен дагы деле 2593 жаран издөөдө жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM