Биз менен байланышыңыз

Ишкердикке окутуу боюнча Улуттук концепция түзүлдү

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 956 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинде орто кесиптик техникалык билим берүү жана окутуу системасында Ишкердикке окутуу боюнча улуттук концепция жана аны ишке ашыруунун болжолдуу планы онлайн презентацияланды. Бул тууралуу  аталган министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган документ, ошондой эле Ишкердикке окутуу боюнча окуу куралы жана колледждердин деңгээлдериндеги окутуучулар үчүн Колдонмо КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” (СӨПИӨК) долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, колледждин өкүлдөрү, ошондой эле кесиптик техникалык билим берүү жана окутуу секторун реформалоо тармагында иш алып барган улуттук жана эл аралык эксперттер — колдонуудагы концепцияны жана анын негизги элементтерин, системалык деңгээлде жана колледждин деңгээлинде улуттук концепцияны ишке ашыруу боюнча көйгөйлөрдү жана керектөөлөрдү талкуулап, концепцияны андан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Жыйындын жүрүшүндө алынган сунуштар улуттук концепциянын акыркы версиясына интеграцияланат.

Copyright © 2017 Maral FM