Биз менен байланышыңыз

«Центерра» Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берди

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 5728 | 0

Канадалык “Центерра” компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «Кумтөр» боюнча билдирүүсүнө жооп кайтаргандыгын 24.kg сайты жазды.

«Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, «Кумтөр» мындан ары да Centerra Gold Inc. компаниясынын 100% туунду компаниясы болуп саналат жана биз «Кумтөр» кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргыз өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу чараны көрүүнү улантабыз» , — деп айтылат маалыматта.

Канадалык компаниянын айтымында, алар билдирген маалыматта жаңы жагдай жок, ал жөн гана ушул жылдын 10-августунда «Кумтөр» Centerra Gold Inc.тин балансында токтотулган бизнес катары эсепке алынган билдирүүнү расмий түрдө билдирет.

Канадалык “Центерра” компаниясы мындан ары Кумтөр кенине ээлик кылбай тургандыгын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 20-ноябрда жар салган.

Акылбек Жапаров билдиргендей, аталган чечим Онтарио (Канада) провинциясынын баалуу кагаздар боюнча Комиссиясынын талабы боюнча Centerra Gold Inc компаниясы тарабынан кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү алгачкы күндөн тарта Centerra Gold Inc компаниясынын менеджментин биздин өлкөнүн жаратылышына жана экономикасына көлөмдүү зыян келтирилгендигин таанууга чакырып келген.

Жапаров ошондой эле, эл аралык коомчулук инвесторлордун кызыкчылыгына кол салуу эмес экенине жакында ынана тургандыгына ишенимин билдирген.

Эске салсак, Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын 26 % акциясына ээлик кылат.

«Центерра» Кыргызстанды «Кумтөр» алтын кенин басып алуу жолу менен алгандыгын жарыялаган. Ал эми Кыргызстан «Кумтөр» алтын компаниясынын ишмердигин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүп, 12-майдагы отурумунда комиссиянын төрагасы, мурдагы депутат Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген.

Ал эми 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр» Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан сырткары «Кумтөр» убактылуу тышкы башкарууга берилген.

Ушул жылдын 17-сентябрынан тарта «Кыргызалтын» ишканасы Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) ишенимдүү жеткирүүчү компаниялар тизмесинен чыгарылган. Биримдиктин маалыматына караганда, «Кыргызалтын» ишканасы товар менен камсыздоо программасынын талаптарын аткарган эмес.

Ошол күндөн тарта заводдун продукциясы кабыл алынбайт жана аккредитациясы токтотулган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, «Кумтөр» тышкы башкарууга берилгенден бери бир грамм алтын сыртка чыккан эмес. Канча казылып, кайсы жакта сакталып жатканы да белгисиз. Адатта жыл сайын «Кумтөрдө» 18 тоннанын тегерегинде алтын казылып келген.

Copyright © 2017 Maral FM