Биз менен байланышыңыз

Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 637 | 0

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы «Маралга» билдирди.

Буга чейин 27-июлда Биринчи май райондук соту Зулпукаровду эки айга камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган.

Анын жактоочусу Асылбек Кочкоров Биринчи май райондук сотунун чечимин мыйзамсыз деп атап, Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын айткан.

Эскерте кетсек, Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча май айынын аягында камакка алынган.

Төрөбай Зулпукаров эки айга камакта калтырылды

Copyright © 2017 Maral FM