Биз менен байланышыңыз

Төрөбай Зулпукаров эки айга камакта калтырылды

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 475 | 0

Депутат Төрөбай Зулпукаров эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Асылбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, тергөөнүн убактысы эки айга узартылып жаткандыктан прокурорлор соттон Зулпукаровду дагы эки айга камакта калтырууну суранган.

«Сот ал өтүнүчтү канааттандырды. Биз бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейбиз», — деди ал.

Кочкоров алар райондук соттун чечимине арызданып Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча май айынын аягында камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM