Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Бүгүнкү күндө бир грамм алтын сыртка чыккан жок (видео)

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 1629 | 0

Биздин «Кумтөр» алтын кенинен 21 жылда 84 млн доллар пайда түшкөн. Ал эми быйыл июнь-июль айларынын ичинде 90 млн доллар пайда тапттык. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 25-сентябрда УКМКнын Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстандын акчасы коррупциялык жол менен таланып-тонолуп келген.

«Биз алардын коррупциялык системаларын аныктап чыктык. Биздин мурдагы жетекчилердин барынын коррупциялык системага катыштыгы бар экендиги аныкталды. Өкмөт башчылары, парламенттин спикерлери, депутаттар кошулуп алып мамлекетти талап-тоноп жегенге шарт түзүшкөн. Эгерде «Кумтөрдө» айына 1,5-2 тонна алтын өндүрүлүп жатса, аны ай сайын самолет менен алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күндө бир грамм алтын чыккан жок. Ушунун эсебинен Кыргызстаныбыз байып калды, акчасы пайда болду» , — деди Ташиев.

Ошондой эле ал «Кумтөрдөн» башка дагы тоо кен тармагында көптөгөн коррупциялык иштер бар экендигин белгиледи.

УКМКнын Алай райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү

Copyright © 2017 Maral FM