Биз менен байланышыңыз

УКМКнын Алай райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 585 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Алай райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземи болуп өттү.

Ага комитеттин аймактагы өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев мындан ары да өлкөнүн аймактарындагы атайын кызматтын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо аракети активдүү улантылаарын белгиледи.

Ошондой эле ал айрыкча коррупцияга каршы курөшүү, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү, чек ара коопсуздугу багыттарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM