Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Камчыбек Ташиев «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага барат

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 771 | 0

Бүгүн, 27-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага учуп кетет. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов билдирди.

Өткүрбек Рахманов ошондой эле Камчыбек Ташиевди туулган күнү менен куттуктаган.

«УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди 53 жаш курагы менен куттуктайм. Бүгүн 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь эртең менен учуп кетет. Кумтөр боюнча тагдыр чечээр күн келиптир. Сапары байсалдуу болуп, кыргыз элибиздин ырыскысын кайтарса экен!» , — деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев «Кумтөр» алтын кенинен быйыл июнь-июль айларынын ичинде 90 млн доллар пайда түшкөнүн жана бир грамм дагы алтын сыртка чыгарылбай жатканын билдирген.

Ташиев: Бүгүнкү күндө бир грамм алтын сыртка чыккан жок (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM