Биз менен байланышыңыз

Орусия кура турган 10 мектептин үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди

Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 2484 | 0

Орусиянын Кыргызстандын аймагына кура турган 10 мектептин үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин Орусияга болгон иш сапарында белгилүү болду. Министрликтен кабарлашкандай, иш сапардын жүрүшүндө Бейшеналиев Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушту.

-Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда курулуусу макулдашылган 10 билим берүү уюмунун үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди. Биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүй облусунда, ал эми үчүнчүсү Ысык-Көл облусунда курулат. Калган билим берүү комплексттери этап-этабы менен курулмакчы. Билим берүү уюмдарын куруу долбоорлорун аныктоодогу техникалык документация менен байланыштуу бардык суроолор талкууланды.

Ошондой эле Орусиянын табият таануу жана физика-математикалык багыттагы предметтери боюнча билим берүүдөгү санариптик ресурстарын пайдалануу жана адаптациялоо жана андан ары кыргыз тилине которуу жөнүндө Келишимдин долбоорун талкууланды. Кыргызстандык окуучуларга жайкы лагерди уюштуруу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлгөнү маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM