Биз менен байланышыңыз

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кетти

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 37560 | 20

Болотбек Купешев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 5-майда кол койду.

61 жаштагы Болотбек Купешев министрлик кызматка келгенге чейин Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун акими, Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматтарын аркалаган.

Эскертсе кетсек, бүгүн, 5-майда Садыр Жапаров жаңы Башмыйзамга кол коюп, Министрлер кабинетинин түзүмүн бекитти.

Билим берүү жана илим министри кызматын буга чейин Алмазбек Бейшеналиев аркалаган.

Мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиев Белгияга элчи болору айтылууда

20 пикир

20 пикир

  1. Айида

    05.05.2021 19:31

    Билим берүү министрин эмне үчүн алмаштырышты?!
    Башка тармактарга караганда да ушул министртирликте туруктуулук болушу абзел. Антпесек кантип өнүгүү болсун.

  2. Алмк

    05.05.2021 19:54

    Алмаша берген менен толку мало

  3. Не важно

    05.05.2021 19:56

    Ну что сказать… Нет дороги молодым в правительстве. Очень жаль за свою родину и образование

  4. Мавлюда

    05.05.2021 20:04

    Ушул жогорудагы айтылгандар ишке ашса жакшы болмок.Китеп маселеси чечилсе,койгойлор азаят эле.

  5. Гуля

    05.05.2021 20:43

    Жакшы иштеп жаткан кадрлар ордунда калса болбойбу?

  6. Майрам

    05.05.2021 21:01

    Алмазбек Бейшеналиев жакшы иштерди жургузо баштаган Жаны эле ишти жылдыра баштаганда министрлерди которуп коюшат Анан чөп башылап ар кайсы жерден бир иштеп бир иштин аягына чыга албай жатышат .Кунумдук иштеп атса жоопкерчилик да жокко эсе болуп атат го.

  7. Кашкар Наваи мектеп

    05.05.2021 21:30

    Карасуу Районаси текшерилсин,мектепдерде жаштарди койгойи чечилсин.айлиги аз,12саат савак берилиб,пенсионерлер27саат иштейди.

  8. Мактуба

    05.05.2021 21:39

    2-класстын кыргыз тили китеби талапка жооп бербейт.Анткени балдардын жашына туура келбеген чон чон тексттер болумдорго болунуп берилген, балдарга тушунуксуз болуп жатат. Бул окуу китепти башкадан тузуу керек

  9. Абдилова Гульхан Кадамжай району

    05.05.2021 21:41

    Туура бидим беруу системасы реформаны талап кылат

  10. Садокат юнусова

    05.05.2021 21:45

    Азыркы учурда жаштарга жол берилбейт пенсионерлер мектепте эн коп сабак менен иштешет айта кетсек алар 27же андан ашык сабак менен а жаштар болсо 12саат менен иштешет .Ош област Карасуу район Кашкар кыштак айылынан сурамжылоону толтуруп жатамын жардам берилишин суранамын.

  11. Гулнара

    05.05.2021 21:45

    Китеп -билим булагы .Окуучу китепти окуп билим алат.Китептен көрүп тууралап,катасыз жазууга үйрөнөт.А бирок китептер ката жазылса деле боло берсе,окуучу ката жазса деле боло берсе,студент ката жазса деле боло берсе,мугалим ката жазса деле боло берсе анда чыныгы билимди качан алабыз.Китептин ката жазылышына жол бергендик -наадандык.Токтоосуз оңдош керек.Ката жазылган басылмалардын баары өз башчысынын салмагын айгинелейт

  12. Китепканачилар

    05.05.2021 22:11

    Карасуу райондо китепканачилар зарплатаси ото аз 6300сом.Ишикоп,кананида китепканачи тазалайди.эмнегакаралбайди.

  13. Р.И.Ж.

    05.05.2021 22:19

    Айлык кобойсо 2 эсе
    ,Кобойсун,мектеп,коп курулса,окуучуладын окуу китептери орус кл-нын химия китеби жетпейт

  14. Динара Торогелдиева

    05.05.2021 22:58

    Китеп тартыштыгын жойсо жакшы го, канча жылдан бери китеп маселеси биздин мектепте,кыргыз класстарынын айрыкча ортонку жана жогорку звенонун окуучуларына окуу куралдарын жетишпейт, ата — энелер кобунчо камсыз кыла алышпайт, бул койгой биздин мектепте 10-15 жылдан, бери, чечилсе жакшы болот эле, ишенбей да кетем чечилишине

  15. Munara

    06.05.2021 02:15

    Мектеп директорлору алмашат деген жакты,анткени канча жылдап очоюп отуруп алып жегендер толтура садикти да карап коюш керек

  16. Калича

    06.05.2021 05:27

    Директорллор созсуз алмашыш керек,коррупция тобобуздон,алган кадрлары туура жазалбайт,сабак кандай экенин элестете албай,даярдыксыз отулоь,улуттук дуйнолук педагогика дан кабары жок.Келечегибиз тунгуюкта калчудай сезилет.саат алгангасегтябрьга май айында акча талап кылышат,стимул,отпускнойдон чон умуттонот,беш колду оозуна салып,атаэнелер фонду,балдардын питание и жон эле пары балга конгодой.Ушул уят качан токтойт экен. .

  17. Apyk Momunov

    06.05.2021 05:51

    Алмаз Бейшеналиев мыкты кызматкер болчу. Кайра ордуна коюлуүсун талап кылар элем.

  18. Гулхумор

    07.05.2021 04:22

    Илмга эьтибор жуда яхши мактабларга китоблар вактида етказилишини хохлардим
    Хамма ота- она хам китоб сотиб олиб беролмайди.Бекорга бериладиган китоблар сотувда кураман шуни хам чораси курилса..

  19. Анвар

    12.05.2021 21:42

    Билим беруу системасы толук реформа болушу керек,акча бала башына болунушу керек,предметтер группалап окутулушу,бир класста бала саны 12 ден ошпашы керек.

  20. Анвар

    13.05.2021 18:55

    Билим беруу системасы толук реформа болушу керек,акча бала башына болунушу керек,предметтер группалап окутулушу,бир класста бала саны 12 ден ашпашы керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM