Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда алгачкы электрондук мектеп пайда болот (өзгөчөлүктөрү)

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 1468 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде мекеме жаңы платформанын үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда бир форматтагы электрондук мектеп пайда болот. Ал 6 багытта иш алып барат:

1.  Пандемия болуп калса, бир эле мектеп жалпы мазмундуу билим берүүнү камсыз кылат;

2.  Чет жакка кетип жаткан окуучуларга сабактарды аралыктан окуп бүтүрүүгө шарт түзөт;

3.  Ооруп калган балдар сабактан артта калбашы үчүн онлайн мектепке которулат да, окуусун улантат. Анткени кээ бир дартка чалдыккан балдар жылдап мектепке бара албай калууда;

4. Этникалык кыргыздар да Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили жана башка ушул сыяктуу сабактарды онлайн мектеп аркылуу окуй алышат;

5. Майып балдарды окутууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;

6. Мугалим жетишпеген мектептердеги окуучулар керектүү предметтерди электрондук мектеп аркылуу окуй беришет. Мисалы, алыскы райондо химиядан сабак берген мугалим жок болуп жатса, анда окуучулар аны электрондук мектептен онлайн окуй алышат.

«Көйгөйдү өзөгүнөн чече турган иштерди алып барып жатабыз. Кечээ Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү, платформа үчүн донорлор даярдалууда», — дейт министр.

Ал маалымдагандай, учурда санариптик контент боюнча борбор негизделип, билим берүү материалдары жана окуу куралдары бир платформага чогултулууда. Аны пандемиядан башка учурларда да колдонууга болот.

IV чейректен тарта бардык мектептер ачылат

Copyright © 2017 Maral FM