Биз менен байланышыңыз

Президент: Мындан ары мугалимдерге талапты катуу коёбуз

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Апр 2022 | 12936 | 0

Бүгүн, 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга жогорулаганын, эмгек акы системасы калыбына келтирилгенин билдирди.

«Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында, айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт», — деди ал.

Мындан сырткары президент мугалимдердин айлыгына акчаны мындан ары да аябасын, мүмкүнчүлүк болор замат дагы жогорулатып берерин баса белгиледи. Бирок мугалимдерге коюлган талаптарды да мындан ары катуу коё турганын айтып, ушул айдан баштап, бардык мектепте аттестиациялоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдады.

«Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун. Педагог диплому болбосо да, атайын курстан өткөн агай-эжейлерди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалим алышыбыз керек! Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз», — деп кошумчалады өлкө башчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM