Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2023 | 499 | 0

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай твиттердеги баракчасында билдирди.

«Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды. Операция ийгиликтүү аяктады. Туңгуч президенттин өмүрүнө коркунуч жок. Операция Улуттук илимий кардиохирургия борборунда белгилүү кардиохирург Юрий Пянын жетекчилиги астында болду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин казакстандык медиа-менеджер Александр Аксютиц Facebook баракчасына экс-президент Нурсултан Назарбаев ооруканага жаткырылганын жана ага операция жасалышы мүмкүн экенин жазган.

Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Казакстанды отуз жылдай башкарган Назарбаев учурда 82 жашта.

 

Copyright © 2017 Maral FM