Биз менен байланышыңыз

Дарига Назарбаева уулунун өлүмүнө байланыштуу элге кайрылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 950 | 0

Казакстан сенатынын экс-төрайымы Дарига Назарбаева уулунан айрылгандан кийин элине кайрылуу жасады. Текст өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий сайтына жайгаштырылган.

«Айсултаныбыздан ажырап калганыбызга күйүп турабыз. Ушундай оор учурда коомчулук абалыбызды сый жана түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөм», — деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, Айсултан Назарбаев 16-август күнү каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, маркумдун жүрөгү токтоп калган. 26-августта Айсултан 30 жашка толмок.

Copyright © 2017 Maral FM