Биз менен байланышыңыз

Назарбаев инаугурацияга атайын өкүлүн жиберди

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 688 | 0

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземине Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү Жансеит Түймебаев да катышты. Ал өз сөзүндө жалпы Казакстан элинин атынан жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин атынан куттуктады.

Назарбаевдин куттуктоосунда: «Элдин жаркын келечеги үчүн жоопкерчиликтүү жумуш, мамлекеттер арасында жаңы аренада өлкөнүн аброюн өстүрүүгө багытталган иштериңиздин ийгиликтүү болушуна тилектешмин», —  деп айтылган.

Ошондой эле Түймебаев Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достукка, жаңы стратегиялык шериктештикке негизделген мамиленин мындан ары да өнүгө турганына ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM